Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

АКШда Аляскадагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланды


Дональд Трамп АКШдагы президенттик шайлоодо Аляска штатындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында жеңүүчү деп табылды, бирок ал шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпейт.

Америкалык маалымат каражаттары шайлоодон сегиз күн өткөндөн кийин Аляскадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялашты. Мындай жол менен шайлоочулар коллегиясынын үч добушу Трампка кошулуп, расмий түрдө 217 добуш болду.

Бул сан азыркыга чейин шайлоочулар коллегиясынын 279 добушун алган Демократиялык партиянын талапкери Жо Байдендин жыйынтыгы менен салыштырганда алда канча аз.

Учурда Байден алдыда келе жактан Аризона, Жоржия штаттарында жана Трамп алдыга чыккан Түндүк Каролина штаттарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы расмий жарыялана элек.

Трамп бул үч штаттан жеңип чыккан күндө да ал шайлоочулар коллегиясынын 370ден ашык добушуна ээ болушу мүмкүн эмес.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Анын алдын-ала жыйынтыгы боюнча Жо Байден ар бир штатта калктын санына жараша түзүлгөн шайлоочулар коллегиясынын 538 мүчөсүнүн 279 добушун алып, алдыга чыкканы белгилүү болгон.

Жо Байден жеңишке жеткенин жарыялап, америкалыктардын биримдигин камсыз кылуу боюнча иш алып барууга убада берген. Бирок Дональд Трамп шайлоодо утулганын расмий түрдө моюнга ала элек.

XS
SM
MD
LG