Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Арменияда оппозициянын лидерлери кармалды


Еревандагы 11-ноябрдагы оппозициянын акциясынан бир көрүнүш
Еревандагы 11-ноябрдагы оппозициянын акциясынан бир көрүнүш

Армениядагы оппозициялык күчтөр премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган акцияларын улантарын жарыялашты. Алар Пашинянды Тоолуу Карабактагы куралдуу жаңжалды токтоткон үч тараптуу келишимге кол койгонун сынга алышууда.

12-ноябрга белгиленген митингдин алдында Армениянын тергөө кызматы 10 оппозициячыл саясатчы кармалганын билдирди. Алар “мыйзамсыз массалык башаламандыкты уюштуруу” беренеси боюнча шектелүүдө. Алардын арасында негизги оппозициячыл күч саналган "Гүлдөгөн Армения" партиясынын лидери Гагик Царукян да бар. Оппозиция бийликтин бул аракетин мыйзамсыз деп жарыялады.

10-ноябрда Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы алдында үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тоолуу Карабакта ок атуу токтотулуп, Азербайжан соңку уруш маалында өз көзөмөлүнө алган бул аймактагы бир нече калктуу конуш, чөлкөмдөрдү сактап калат. Ошондой эле аймакка орус аскерлери бейпилдик күчтөрү катары жайгаштырылууда.

Бул келишимге кол коюлары менен аны Армениядагы коомчулуктун бир бөлүгү, анын ичинде оппозиция сынга алып, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган. 11-ноябрда өткөн акцияларга миңдеген адамдар чыгып “Пашинян - чыккынчы” деп кыйкырып турушту. Акциянын жүрүшүндө полиция менен демонстранттар кагылышкан.

Өкмөт болсо жарыяланган аскердик абал дагы эле күчүндө экенин, митингдерге уруксат жок экенин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG