Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:17

«Социал-демократтар»: кармалган прокурор Кой-Таш окуясы боюнча айыптоо тобунда болгон


Пара алуу учуру. Сүрөт УКМКга таандык.

Коррупцияга байланыштуу шектүү катары кармалган Аламүдүн районунун прокурору Эдилбек Стакеев Кой-Таш окуясы боюнча айыптоочулар тобунун мүчөсү болгон.

Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон «Социал-демократтар» партиясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат. Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандардын кайрылуусунда кармалган прокурорду мурдагы бийликтин саясий буйруктарын аткарган деп сындап, тергөө мыйзам бузуу менен өткөрүлгөнү белгиленет.

Кайрылууда «Кой-Таштагы окуялар боюнча кылмыш иши 84 томдон турат. Бирок иште айыпталуучулардын күнөөсүн тастыктаган бир да далил жок. Бардык айыптоолор ойдон чыгарылган жана акылга сыйбайт, алар ачык-айкын саясий түскө ээ», деп жазылат.

Айрым шектүүлөр тергөө убагында кысымга кабылганын айтып, ишти кайра тергөөнү суранышкан. Азырынча бул боюнча укук коргоо органдарынан маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Эдилбек Стакеев жана анын орун басары кармалганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, алар дайыма пара алып жүргөнү аныкталып, экөө тең атайын кызматтын тергөө абагына отургузулду.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Аларга Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кине коюлган.

Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Атамбаевдин тарапкерлери бар.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн 11и суралып бүттү.

Ал эми тергөө менен кызматташканы үчүн калган беш кишинин иши өзүнчө каралары айтылган. Алар алгач кармалып, кийин коё берилген, айрымдары тергөө менен кызматташуудан кайра баш тартууда.

Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG