Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду


Кыргыз эл жазуучусу жана драматург Шүкүрбек Бейшеналиевдин жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулду.
Кыргыз эл жазуучусу жана драматург Шүкүрбек Бейшеналиевдин жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулду.

Бишкекте Кыргыз эл жазуучусу жана драматург Шүкүрбек Бейшеналиев жашаган үйдүн дубалына мемориалдык такта орнотулду. Бул тууралуу 13-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, тактаны расмий ачуу иш-чарасына министрликтин жетекчилиги, интеллигенциянын жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Шүкүрбек Бейшеналиев Кыргызстандагы көрүнүктүү жазуучу, драматург, коомдук ишмер жана балдар жазуучусу болгон. Анын чыгармалары көптөгөн мамлекеттерде ар кыл тилдерде жарык көргөн.

Кыргыз эл жазуучусу жана драматург Шүкүрбек Бейшеналиевдин жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулду.
Кыргыз эл жазуучусу жана драматург Шүкүрбек Бейшеналиевдин жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулду.

17 жылдай убакыт бою ал чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыш коомунун жетекчиси болгон, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. КМШнын Жазуучулар союзунун Эл аралык шериктештик башкармалыгынын жана анын Балдар жана өспүрүмдөр адабияты боюнча кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалык мүчөсү, анын алдындагы Балдар жана өспүрүмдөр адабиятынын ассоциациясынын президенти, коомдук өнөктүктөрдүн демилгелүү катышуучусу болгон.

Бейшеналиев 2000-жылы 72 жаш курагында дүйнө салган. Маркумдун сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Бишкектин Москва көчөсүндөгү үйдө ал 1957-жылдан тартып көзү өткөнчө жашаган. (MS)

XS
SM
MD
LG