Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Ошто көмүр кенине байланыштуу иш боюнча кармалгандардын тарапташтары митингге чыгышты


Улукбек Өмүрзаков менен кошо кармалгандардын тарапташтары УКМКнын имаратынын алдында. Ош шаары, 13-ноябрь, 2020-жыл.
Улукбек Өмүрзаков менен кошо кармалгандардын тарапташтары УКМКнын имаратынын алдында. Ош шаары, 13-ноябрь, 2020-жыл.

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын алдында 13-ноябрда ондогон кишинин катышуусунда митинг өттү. Ага атайын кызмат тарабынан «Жол-Чырак жана Ко» кенин рейдерлик жолу менен басып алуу иши боюнча кармалган кишилердин тарапташтары катышты.

12-ноябрь күнү Ош облустук прокуратурасынын бөлүмдүн прокурору Улукбек Өмүрзаков менен кошо дагы үч киши кармалган. Алардын бири Папан айыл өкмөтүнө караштуу Төлөйкөн айылынын тургуну Имамидин Мамасалы уулу болгон.

Мамасалы уулунун жубайы Феруза Райымбердиева жолдошу кенде иштегенине эки ай болгонун айтат. Анын айтымында, күйөөсүнүн кендеги чыгарылган көмүргө тиешеси жок, тек гана жалданма жумушчу болгон.

«Менин күйөөм «Жол-Чырак» карьерине Кутман аркылуу барган. Кутман деген досу экөөнү алдап, «айлык беребиз, шарт түзүп беребиз» деп алып кеткен. Булар Өмүрзаков ким экенин, башка криминалдар ким экенин билишкен эмес. Алар жөнүндө маалыматы да жок, «Мухаммед-Умарды» түшүнбөйт дагы, карапайым эл. Акча үчүн, бала-чака багыш үчүн барышкан. Айлыгын да убагында ала алган эмес, көмүрүн деле ала алган эмес. Беш баласы чыркырап турат. Аларды ким карайт? Күнүмдүк иштерди аткарып жүрүшкөн. Иштешкенине эки ай болду. Үйдөн бандиттерди кармагандай кармап кетишти. Ар жерде чындык издеп жүрөм. Эч нерсени айтышкан жок. Эки колунан ургулап, башын тыгып салып кетишти. Эки күндөн бери эч нерсени айтпай жатышат. Кантип багам балдарымды?» - деп суроо салды Райымбердиева.

Митинчилердин айтымында, кармалган үч кишинин Өмүрзаковдорго тиешеси жок. Алар «ишти калыс тергеп, айылдаштарын бошотууну» талап кылып жатышат.

«Өмүрзаковдорго таандык «Муххамед-Умар» күзөт кызматынын кызматкерлери 2020-жылдын январь айында «Жол Чырак жана Ко» ЖЧКсына таандык көмүр кенинин аймагына мыйзамсыз киришкен. Ага таандык атайын техника каражаттарын ээлеп, кызматкерлерди кендин аймагынан чыгарып салышкан жана мыйзамсыз 82 миллион сомдук көмүрдү эч кандай салык төкпөй казып алышкан. Ошондой эле жергиликтүү жана башка органдардын кенди казууну токтотуу тууралуу кайрылууларына баш ийишкен эмес», деп жазылган УКМК тараткан билдирүүдө.

Мындан сырткары УКМКнын билдирүүсүндө Улукбек Өмүрзаков кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы жөнүндө да жазылат.

Аталган факт боюнча УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган мекеме аралык ыкчам тергөө тобу мындан ары текшерүү иштерин улантканы жатат.

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндө жайгашкан «Жол Чырак» көмүр кенинин негиздөөчүлөрү январь айынан бери кенге ээ боло албай келишкенин айтып, 21-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүшкөн.

Алар Кутман Шермат уулу аттуу жаран бир жыл ишеним каттын негизинде кенге жетекчи болуп, мөөнөтү бүткөндөн кийин да көмүр карьерин кайтарып бербей жатканын, Шермат уулун Өмүрзаковдор калкалап келгенин жарыялашкан. Улукбек Өмүрзаков 5-ноябрдагы басма сөз жыйынында журналисттерге берилген маалыматты четке каккан.

«Жол Чырак жана Ко» жоопкерчилиги чектелген коому кенди казууга 2008-жылы уруксат алып, 2011-жылдан тартып расмий иштей баштаган. Анын негиздөөчүлөрү көмүрдү 2015-жылдан бери казып келгенин айтып жатышат. (DU)

XS
SM
MD
LG