Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:23

Карабак боюнча келишимге ылайык, Армения мурда басып алган жерлерин бошото баштайт


Калбажар районунан көчүп кетип жаткан айрым армяндар өз үйлөрүн өрттөп салышты.
Калбажар районунан көчүп кетип жаткан айрым армяндар өз үйлөрүн өрттөп салышты.

Армения Тоолуу Карабактагы мурда Азербайжанга таандык аймактарды 15-ноябрдан тартып Азербайжан бийликтерине тапшырууга милдеттүү. Бул шарт жикчил Тоолуу Карабак аймагындагы алты аптага созулган согушту токтоткон тынчтык келишиминин бир бөлүгү болуп саналат.

Калбажар (армянча "Карвачар") районунун көптөгөн армян тектүү тургундары 14-ноябрдан тартып көчүп кете баштагандыгын, алардын айрымдары кетээринде өз үйлөрүн өрттөп салышкандыгын "Азаттыктын" Армян кызматы маалымдады.

Калбажар районун мурда негизинен азербайжандар байырлашчу. 1990-жылдагы согуштан кийин азербайжандардын көпчүлүгү сүрүлүп чыгарылган. Эми алардын үйлөрүн ээлеп алган армяндар кайра көчүп кетишүүдө.

Кремлдин маалымдашынча, Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайдандын президенти Илхам Алиевге 14-ноябрда кайрылып, Тоолуу Карабактагы азербайжандыктарга өткөрүлүп бериле турган аймактардагы христиан чиркөөлөрүн сактоого үндөдү. Президент Алиев Тоолуу Карабактагы өздөрүнө кайра өтө турган жайлардагы христиандык ыйык жайлар толук коргоого алына тургандыгына расмий Кремлди ишендирген. Бул тууралуу анын маалымат кызматы таркаткан билдирүүдө баса белгиленет.

Орусиянын арачылыгы менен жетишилген тынчтык келишимине ылайык, жакынкы эки жарым апта ичинде Армения мурда каратып алган үч районду Азербайжанга тынч өткөрүп берет. Калбажар жана башка эки район 1994-жылы токтотулган согуштан кийин аймактагы армян жикчилеринин колунда калган болчу.

Карта. Тоолуу Карабактагы үч район Азербайжанга өткөрүлөт.
Карта. Тоолуу Карабактагы үч район Азербайжанга өткөрүлөт.

10-ноябрда жетишилген тынчтык келишимине көптөгөн армяндар нааразы болууда. Анткени келишимге ылайык эми Тоолуу Карабактын олуттуу бөлүгү кайрадан Азербайжанга өтмөкчү. Соңку согуш аракеттеринен улам эки тараптан тең 5 миңден ашуун жоокер жана карапайым тургун өмүрүнөн ажырады.

1994-жылдагы тынчтык келишимине жетишүүгө Кыргызстандын парламент жетекчилиги да салым кошкону маалым.

XS
SM
MD
LG