Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Жогорку сот: Батукаевдин иши боюнча сот башка күнгө калды


Азиз Батукаев. Архивдик сүрөт.
Азиз Батукаев. Архивдик сүрөт.

Жогорку сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу бүгүнкүгө, 16-ноябрга белгиленген соттук отурум болбойт. Буга ишти карай турган судья ооруп калганы себеп экенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүнкү отурумда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин райондук жана шаардык соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберүү тууралуу арызы каралмак.

Жогорку сот бул иш боюнча кийинки отурум качан болору азырынча белгисиз экенин билдирди.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен.

Жактоочулар жана мамлекетке чегерилиши каралган мүлктүн ээлери соттун бул чечимине нааразы болуп шаардык сотко кайрылышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG