Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Жарандык коом, медиа өкүлдөрү бийликке кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы жарандык активисттер, блогерлер жана медиа тармактын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү бийликке кайрылып, өлкө жетекчилерин коомду өз жана жат деп бөлбөөгө чакырышты. 80ден ашуун кол коюлуп, 16-ноябрда жарыяланган кайрылууда бийликти жактаган топтор адам укуктарын жана эркиндигин коргогон жарандык коом өкүлдөрүн дайыма бутага алып, аларга коркунуч жаратып келери белгиленди.

Кайрылууда Конституцияны коргоп чыккандардын жемеге кабылып жатышына азыркы бийлик себепкер экени, өлкө жетекчилери эл алдында айткан сөзү менен түрдүү топтогу адамдарды саясий көз карашына жараша кагылыштырып жатканы айтылды.

Кайрылууга кол койгондордун бири, «PR.kg» сайтынын редактору Нурдин Дүйшөнбеков «Азаттык» радиосуна бул кайрылуунун максаты тууралуу төмөнкүдөй оюн билдирди:

«Садыр Жапаров өзүнүн басма сөз жыйынында «туура эмес чагылдырып жатат» дегендей айтканы бизди кооптондурду. Себеби бул анын айрым колдоочуларына «журналисттерди туура же туура эмес кылгандар деп бөлсө болот, аларга чабуул койсо же коркутса болот» деп айткандарына кооптонуубузду билдирип жатабыз. Расмий бийликтин өкүлү эч качан андайды актоого себепкер болбошу керек. Сөз эркиндиги эч убакта шартталбашы керек. Маалымат туура эмес берилип жатса ошого жараша сотко же жалпыга маалымдоо каражатынын өзүнө сотко жеткирбей кайрылса болот».

Быйылкы парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашууда президенттин милдетин убактылуу аткарып турган Садыр Жапаров эл менен жана журналисттер менен жолугушууларда журналисттерди айрым бурмалоо үчүн сындап, «Азаттык» радиосун мисалга тарткан. Ал өзүнүн дооматтарын конкреттештирген эмес.

Буга байланыштуу ондон ашык медиауюм, жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер билдирүү таратып, анда Жапаровдун айткандары «журналисттерге карата терс пикир калыптандырып, Кыргызстандагы сөз эркиндигине коркунуч жаратып жатат» деп белгиленген.

16-ноябрдагы кайрылууда мыйзамды, жарандардын укуктарын урматтаган жана мамлекеттүүлүктүн принциптерин сактаган саясатчы гана Кыргызстанды башкарууга татыктуу экени белгиленди.

10-январга дайындалган президенттик шайлоого катышуу ниетин 63 жаран билдирди. Алардын арасында 6-октябрдан кийинки бийлик алмашууда президенттин милдетин аткарып туруп, шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда кызматын өткөрүп берген Садыр Жапаров да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG