Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

«Адилет» клиникасы: Парламенттин азыркы чечимдери кийин талаш жаратышы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мыйзамдуу мөөнөтү 28-октябрда аяктагандыктан парламентте бул датадан кийин кабыл алынып жаткан мыйзамдар жана башка чечимдер келечекте талаш жаратып, териштирүүгө негиз болушу ыктымал. Мындай пикирин 16-ноябрда «Адилет» укуктук клиникасы билдирди.

Укуктук клиника Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, 28-октябрдан кийинки чечимдердин юридикалык күчү жок экенин эскертти.

Ошону менен катар кайрылууда жарандар мамлекеттик башкарууга, чечимдерди кабыл алууга катышуу укугуна Конституция менен кепилдик берилгенине карабастан мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап турганы, ондогон мыйзамдар коомдук талкууга коюлбастан, мыйзамда көрсөтүлгөн шартта жана мөөнөттө каралбай кабыл алынып жатканы айтылды.

Буга депутат Дастан Бекешевдин «28-октябрда парламент мыйзамдарды топ-тобу менен кабыл алды» деген билдирүүсү далил экени, демократиялык коомдо мыйзамдарды коомчулукту кабардар кылбастан жана анын пикирин эске албастан кабыл алууга жол берилбей турганы белгиленди.

«Адилет» клиникасы Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбоорлорун талкуулоодо жана аларды кабыл алууда белгиленген тартипти сактоого чакырды.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда Жогорку Кеңештин имараты жана техникасы талкаланган. Парламенттин сайты бир нече күн иштебей турган. Кийин сайт толугу менен калыбына келип, азыр үзгүлтүксүз иштеп жатат. Сайттын коомдук талкууга коюлуучу мыйзам долбоорлору боюнча бөлүмү 22-октябрдан тартып жаңыланды.

Парламенттик кайра шайлоо качан өтөрү белгисиз. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы 2015-жылы беш жылдык мөөнөткө шайланган. Юристтердин бир бөлүгү алардын мөөнөтү 28-октябрда аяктаганын белгилесе, экинчи бөлүгү ал жаңы чакырылыштын биринчи отуруму болгонго чейин мыйзамдуу экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG