Беларустун башында турган Александр Лукашенко мамлекет башчынын 70-80% ыйгарым укуктарын парламентке жана өкмөткө өткөрүп берсе болот деп эсептейт. Бул тууралуу ал дүйшөмбү күнү өзүнүн министрлери менен болгон чогулушта билдирди.
Ошол эле учурда Лукашенко өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп бериш үчүн азыркы Конституцияны «бузууну» максатсыз деп эсептей турганын да кошумчалады.
Ал муну үчүн өкмөт мыйзам долбоорлорун иштеп чыга турган, парламент аны талкуулап, кабыл алып, соңунда ага президент кол коё тургандай механизм сунуш кылганын БелТА агенттиги кабарлады.
Лукашенко ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүү жыл соңунда же жаңы жылдын башында Жалпы беларус элдик жыйынында чечиле турганын айтты.
Беларус оппозициясы Конституцияга кандайдыр бир өзгөртүү киргизүү демилгесин Лукашенко менен талкуулоодон баш тартып, мыйзамсыз шайлоо жана жашыруун инаугурация өткөргөндөн кийин ал кызматтан кетиши керек деп талап кылууда. Оппозиционерлер тынчтык митингчилерине каршы массалык репрессияларга Лукашенко жеке өзү жооп берерин эскертип жатышат.
Беларуста бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко утканын жарыялаган. Бирок оппозициянын башкы талапкери Светлана Тихановская да, бир катар Батыш өлкөлөрү да шайлоонун мындай жыйынтыгын тааныган эмес. Андан бери өлкөдө Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган акциялар токтобой келет.
Лукашенко бийликти өткөрүп бербей турганын бир нече жолу кайталаган. (ErN)