Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Оштун мэри Сарыбашов ооруканада


Таалайбек Сарыбашов.
Таалайбек Сарыбашов.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ден соолугуна байланыштуу ооруканада дарыланууда. Шаар башчынын милдеттерин аткаруу иштери убактылуу биринчи вице-мэр Саибжан Турдуевге жүктөлгөн.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди. Анын айтымында, Сарыбашов коронавирус менен ооруган жок. «Өзүнүн башка эле оорулары менен текшерилип, Бишкекте дарыланып жатат. Он күндөй ден соолугун калыбына келтирет», - деди Абсаттаров.

5-октябрдагы элдик толкундоодон кийин Ош шаарынын мэриясында да кызмат талаш болуп, Таалайбек Сарыбашовдун ордуна 6-октябрда Дүйшөн Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган.

Бирок көп өтпөй Сарыбашов өз кызматына кайтып келип, ишин улантып жаткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG