Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Эмил Токтошев: Баш мыйзамдын жаңы долбооруна автор эмесмин


Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин депутаты.

Конституциянын жаңы долбоорун сунуш кылган депутаттардын катарында турган «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев «Азаттык» радиосуна бул долбоорго автор эмес экенин билдирди. Анын айтымында, ал демилгечи топко гана мүчө катары кирген.

«Мурдагы күнү Жогорку Кеңеште депутаттардын тобу «келип кетиңиз» деп чакырышты. Мен барсам Конституцияны өзгөртүүгө демилгечи топторду түзүп жатышканын айтышты. Мен парламенттик системаны коргоюн деген ниет менен кол коюп, демилгечи топко кошулгамын.

Кечээ Жогорку Кеңешке барып «ошол долбоорду көрсөм болобу, кандай даярдап жатасыңар» деп сурасам мага даяр долбоорду беришти. Мен ошол жерден эле долбоорго макул эмес экенимди бир топ депутаттардын көзүнчө айттым.

Демилгечи топко киргеним тууралуу кол койгон кагазымды кайтарып алайын десем «ал кагаз бул жерде жок эле» дешкенинен «анда силер менин жообумду уктуңар» деп кетип калгамын. Жаңы долбоорго автор болуп калганымды социалдык тармактардан түндө көрдүм. Расмий түрдө билдирүү жасап, мен бул долбоорго автор эмес экенимди өзүмдүн «Фейсбук» баракчама жаздым. Мун бул долбоорду колдобойм.

Мага Гүлкан Молдобекова, Улан Примов баштаган 3-4 депутат демилгечи топко кирүүмдү сунуш кылган. Бирок аны ким даярдаганы белгисиз, долбоор даяр экен. Мен долбоорду талкуулайбыз деген ой менен эле демилгечи топко кирип алсам, сайтка мени автор кылып коюп салышты. Депутаттардын оюн, пикирин эске албай, шашылыш түрдө сайтка иле коюшту», - деди депутат Эмил Токтошев.

17-июлда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.

Жаңы долбоорго президенттин кеңейтилген укуктары, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектей тургандыгы көрсөтүлгөн. Президент мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт. Өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Жогорку Кеңештин тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык беш жылдык мөөнөт менен 90 депутатты шайлоо тууралуу сунуш киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланары менен социалдык тармактарда кызуу талкуу башталып, айрымдар бийликти «бир колго топтоо» катары сындап жатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG