Парламенттин экс-спикери, депутат Канатбек Исаев Баш мыйзамдын жаңы жарыяланган долбоору жөнүндө комментарий берип, президенттик башкарууга каршы экенин билдирди. Экс-спикер мындай пикирин 19-ноябрда Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйынында айтты. Исаев Жогорку Кеңешти Конституцияны өзгөртүүдө мыйзамды сактоого чакырды.
«Шашпастан, жети өлчөп бир кесип, коомдо кенен талкуулап, анан чечим кабыл алышыбыз керек. Анткени Конституция - эң негизги мыйзам. Элдин, мамлекеттин келечеги аныктай турган мыйзам. Ошол себептен шашылыш түрдө чечим кабыл алынбашы керек. Жогорку Кеңештин да беш жылдык мөөнөтү аяктаган, азыр эми бир мыйзам менен 5-6 айга созгонуна карабастан талаш-тартыш болуп жатат. Мындай учурда мыйзам кабыл албашыбыз керек. Президенттик башкарууга каршымын. Муну жаңылык катары көрүп жаткан жокпуз. Мурун да президенттик башкаруу менен да иштеп көргөнбүз, анын аягы эмне болот - билебиз. 2005-жылы, 2010-жылы ошол президенттик башкарууга нааразы болуп чыккан жүздөй балабыздын өмүрү кыйылып, президенттик-парламенттик башкарууга келгенбиз. Эми аны унутуп калып, жаңылык катары сунуш кылып жатабыз», - деди Исаев.
Канатбек Исаев мамлекеттик башкарууда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталышы керек экенин белгилейт. Ошондой эле Исаев Баш мыйзамдын жаңы жарыяланган долбоорунда демилгечи катары көрсөтүлгөн айрым эл өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, алар долбоор менен таанышпай элек кол коюшканын айтып бергенин билдирди.
Канатбек Исаев 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагалыгынан өз каалоосу менен кетип, президенттикке талапкер болуш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн.
Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.
Долбоорду колдогон депутаттардын бири, вице-спикер Мирлан Бакиров Кыргызстан авторитардык өлкөгө айланышы ыктымал деп кооптонгон пикирлер негизсиз экенин айтып, буга чейин өлкөдөгү маселелер үчүн жоопкерчиликти эч ким тартпай келсе, эми баарына президент жооптуу болорун, бул туура экенин билдирген. (TSh)