Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Президенттин аппараты мунапыс менен эркиндикке чыккандар жөнүндө комментарий берди


Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири.
Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткарып жаткан учурдагы ырайым берүү жарлыгы жөнүндө түшүндүрмө берди. Ал оор эмес кылмыш кылгандарга ырайым берүү каралганын билдирди.

“Ырайым берүү боюнча эки миңден ашык кайрылуу каралган. Президенттин жарылыгы боюнча эки жүздөн ашык ырайым берилген. Алар оор эмес кылмыш кылгандар. Андан сырткары алардын арасында аялдар, жашы жете электер жана ден соолугу өтө начарлап кеткендер бар. Мындан ары дагы ырайым берүү боюнча кайрылуулар дыкат текшерилет. Бул багытта иштер улантылат”, - деди Галина Байтерек.

Кыргызстанда абакта отурган 230 адам мунапыс боюнча бошонуп чыкты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, (ЖАМК) 230 адамды абактан бошотуу жана 38 адамдын жаза мөөнөтүн кыскартуу тууралуу жарлыкка премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда кол койгон.

Жалпысынан ЖАМК президентке караштуу Мунапыс маселелери боюнча катчылыкка 1800дөн ашуун адамга мунапыс берүү тууралуу өтүнүч жөнөткөн. Азыркы тапта аларды кароо уланууда.

Быйыл май айында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзамга кол коюлуп, негизинен улгайган адамдар, өспүрүмдөр жана аялдар бошотулагн.

Ошол кезде президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында түрмөдө күнөөсүз отурган адам көп экенин белгилеп, ырайым берүүдө соттолуучунун таржымалы жакшылап караларын билдирген.

Жапаров айрым кишилердин бейкүнөө түрмөгө түшкөнүнө милиция кызматкерлеринин «план толтуруу» сыяктуу көрүнүштөрү себеп болуп жатат деп эсептейт. 2019-жылы Садыр Жапаров абакта жатып ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап кайрылган. Бирок анын кайрылуусунун жыйынтыгы белгисиз бойдон калган.

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө он миңге жакын адам кармалары буга чейин кабарланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG