Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Шыкмаматов: Баш мыйзамдагы алешемдиктерге Жапаров да каршы (видео)


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы шайлоо алдындагы штабын жетектей турган Алмамбет Шыкмаматов коомдук талкууга чыгарылган Конституциянын долбоору боюнча «Азаттыкка» маек куруп жатып, андагы кемчиликтерге Садыр Жапаров да каршы экенин билдирди. Анын айтымында, долбоор коомдук талкууга коюлган 17-ноябрдан кийин Жапаров менен жолугушуу болгон. Ал жерде Садыр Жапаров Баш мыйзамдын азыркы долбоорундагы бир катар беренелерди сынга алган.

«Садыр Жапаров азыркы долбоордогу алешемдиктер боюнча макул эмес экенин байкадым. Ал курултай, президенттин мөөнөтү боюнча, сөз эркиндигине акаарат келгенине жана парламентин кээ бир укуктары түшүнүсүз болуп калганына нааразы болду. Жапаров менен Баш мыйзамдын долбоору жарыяланганга чейин да жолуккам. Ал сөз эркиндигин баалайт, президенттин диктатурасы орнобош керек экенин да билет. Эң негизгиси - Садыр Жапаров «жоопкерчиликти мойнума алам» деп жатат. Анын позициясы ушундай. Анын мүдөөсүн юристтер туура эмес жазган. Алар Жапаровду уят кылып коюшту. Же атайын кылыштыбы? Бул долбоорду талкуулаганга да болбойт. Ыргытып жиберип кайра башынан башташ керек», - деди ал.

«Баш мыйзамдын долбоорундагы кемчиликтерге Жапаров да каршы»
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:45 0:00

Алмамбет Шыкмаматов Баш мыйзамдын азыркы долбоорун «мунжу» деп атап, документти Жогорку Кеңеш чакыртып алыш керек деп эсептейт. Ал конституциялык реформаны президенттик шайлоодон кийин өткөрсө туура болорун кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Бул долбоорду толуктап иштеп чыгуу максатында 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ушул эле күнү ишин баштады. (TSh)

XS
SM
MD
LG