Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:48

Жогорку кеңеш: Имаратты оңдоп-түзөөгө депутаттар салым кошууда


Парламент имаратын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. 20-ноябрь, 2020-жыл.
Парламент имаратын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. 20-ноябрь, 2020-жыл.

Парламенттин жана президенттин имаратын оңдоп-түзөө иштерине депутаттар салым кошууда. Бул тууралуу Жогорку кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Бирок, курулуштун жалпы чыгымы жана эл өкүлдөрүнүн которгон каражаты тууралуу айтыла элек.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов курулуш иштери менен таанышуу үчүн барып, “бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, оңдоп-түзөө иштерин ыкчам бүткөрүү аракети көрүлүүдө” деп билдирген.

5-ноябрда Жогорку Кеңеште 6-октябрдагы тополоңдо талкаланган парламент имаратынын чыгымын эсептөө боюнча мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Буга чейин төрага Талант Мамытов имарат ичиндеги кеңселерди депутаттар өздөрү оңдосун деген демилге бар экенин кабарлаган болчу.

Бишкекте 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы нааразылык акциясы өтүп, 6-октябрга караган түнү президенттин жана парламенттин имараты талкаланган. Депутат Акылбек Жапаров оңдоо иштерине 450 миллион сом кетерин айткан, бирок кийин президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров анын сөзүн четке кагып, 10 миллион сомго жетпеген акча талап кылынарын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG