Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Чымкентте ондогон аял нааразылык акциясына чыкты


Чогулган аялдар акимдин чыгышын талап кылышты, бирок шаар башчысы алардын арыз-муңун уккан жок.
Чогулган аялдар акимдин чыгышын талап кылышты, бирок шаар башчысы алардын арыз-муңун уккан жок.

Казакстандын Чымкент шаарында ондогон аял социалдык маселелерин чечип беришин талап кылып акимчиликтин алдына чогулду.

Алар шаар башчысынын чыгышын, арыз-муңун угушун талап кылышты, болбосо ошол жерге түнөөрүн эскертишти. Бирок аким чыккан жок. Даттанып келгендер менен акимчиликтин кызматкерлери гана жолукту.

Нааразылык акциясына чыккандардын айрымдары көмүр менен камсыз кылууну талап кылып, кээ бири Интернеттин жоктугунан балдары билим ала албай жатканын, башкалары суу тартыш экенин, турак жайдан кыйналганын айтып даттанышты. Алардын көбү Каратоо жана Аль-Фараби районунун тургундары.

Чымкентте буга чейин да ар кандай социалдык маселелерден улам акимчиликтин алдында нааразылык акциялары өткөн жана анда да чогулгандар шаар башчысынын чыгышын талап кылышкан. Анда деле аким чыккан эмес.

Казакстанда көп балалуу аялдар, майып балдарды баккан энелер турак жай маселесин чечип берүүнү талап кылып жыл башынан бери Нур-Султан, Алматы сыяктуу бир катар шаарларда маал-маалы менен нааразылык акциясына чыгып жатат. Бийлик бул маселе бир күндө чечилбей турганын, «мүмкүнчүлүк жетишинче чечилерин» айтып келет.

XS
SM
MD
LG