Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:18

Кыргызстандан ителги алып кетүүгө аракет кылган чет элдик жаран кармалды


Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.
Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.

«Манас» эл аралык аэропортунун жүк ташуучу терминалынан коңшу мамлекеттердин биринин 25 жаштагы жаранынын баштыгынан Кызыл китепке кирген беш ителги табылган. 22-ноябрь түнү табылган ал канаттуулардын экөө өлүп калганы аныкталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Учурда бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин 293-беренеси («Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жол кылуу») менен катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Кармалган шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул фактыга тиешеси бар кыргызстандыктарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандагы 400дөн ашуун жапайы жана сейрек кездешкен куштардын 57си Кызыл китепке киргизилген. Аларды атууга жана кармоого тыюу салынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG