Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Жалал-Абадда карындашын зордуктаган киши 20 жылга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир тууган карындашын зордуктаган жаран 20 жылга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, быйыл 20-июлда Сузак районунда 15 жаштагы өспүрүм кыз облустук төрөт үйүндө төрөгөн. Ал бир тууган агасы былтыркы жылдын күзүндө мас абалда зордуктаганын, эртеси кечирим сураганын айткан.

Бул окуя боюнча кыздын 20 жаштагы бир тууганы кармалып, камакка алынган. 17-ноябрда Жалал-Абад облустук соту аны Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-2-пункттары («Жашы жете электи зордуктоо») беренеси менен күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты.

Облустук соттун маалыматына караганда, өкүмгө карата апелляциялык даттануу түшкөн жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13 жаштан 17 жашка чейинки 552 өспүрүм көз жарды. Бул 2017-жылга караганда 60 кишиге көп. Былтыр Аксы, Ысык-Ата райондорунда 9-класстын эки окуучусу, Каракол шаарында 8-класстын окуучусу төрөгөн. (TB)

XS
SM
MD
LG