Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

«Улуттук энергохолдинг» кышкы сезонго даяр экенин кабарлады


Президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов «Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик ишканасынын төрагасы Нурбек Козубековду кабыл алды. 23-ноябрь, 2020-жыл.
Президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов «Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик ишканасынын төрагасы Нурбек Козубековду кабыл алды. 23-ноябрь, 2020-жыл.

«Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик ишканасынын төрагасы Нурбек Козубеков бардык энергетикалык компаниялар пландык оңдоп-түзөө иштерин аяктап, жылытуу мезгилине толугу менен даяр болгонун маалымдады.

Бул тууралуу Козубеков президенттин милдетин аткарып жаткан парламент спикери Талант Мамытов менен 23-ноябрда жолуккан учурда билдирди.

Козубеков энергетика тармагындагы бардык компаниялардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалымат берди. Мамытов калкка электр жарыгын үзгүлтүксүз берүү зарыл экенин белгиледи.

«Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик ишканасынын төрагасы Нурбек Козубековдун маалыматында, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 23-ноябрга карата 14,1 млрд. куб метрди түздү. Быйыл анда бир жыл мурдагыга караганда суу 2,4 млрд. куб метрге аз топтолду.

5-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Равшан Сабиров суу аз топтолгону үчүн Кыргызстан Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып аларын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG