Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Садык Шер-Нияз: Жапаров оппоненттерине жалаа жабуудан алыс болушу керек


Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

«Президенттикке талапкерлер абайлап сүйлөп, ар бир билдирүүбүздө биз акыйкатты, чындыкты калыс айтып турушубуз керек». Бул тууралуу президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз бүгүн, 24-ноябрда талапкерлердин басма сөз жыйынында билдирди. Мындай пикирин Садыр Жапаровдун 23-ноябрда «7-каналдагы» маегине байланыштырды:

«Текебаев, Иманалиев, Отунбаева жана башка саясатчыларды айыптаган сөздөрдү айтты. Текебаевди «Конституцияны өзүнө гана ылайыкташтырып жазып алган» деп айыптаганы - далилденбеген, тастыкталбаган сөз. Ошондой эле «Маевскийден 1 млн. доллар алган, менин күбөлөрүм бар» деп атын атаган кишилердин бири Кулов бүгүн «мени аралаштырбагыла» деп айтып чыкты. Ар бир талапкер оппоненттерин каралап, элди каршы тукурууга жеткирген сөздөрдү айта берсе, биз ага каршы турууга тийишпиз. Биз шайлоону калыс жана татыктуу өткөрүп алышыбыз керек».

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 23-ноябрда «7-каналдагы» маегинде Конституциянын жаңы долбоорго карата оюн билдирип жатып Текебаевди «бузукулук кылып жатат» деп айыптады. Ошондой эле 2010-жылдагы июнь окуясы тууралуу суроого жооп берип жатып, аны алдын албагандыгы үчүн ошол кездеги «улуттук коопсуздук кызматы менен президент күнөөлүү болуп каларын» белгилеген. Жапаров ушул эле интервьюда Каныбек Иманалиевге байланыштуу кылмыш иштери бар экенин эскерткен.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын, айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн айтып чыгышты.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ошол эле күнү кеңешме Жогорку Кеңештин сайтына 17-ноябрда жарыяланган Конституциянын долбоорун талкуулоого киришти. Анда референдумду 2021-жылы 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү сунушталууда.

Долбоорду колдогондор, эгер ал кабыл алынса, анда Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.

Коомдук-саясий чөйрөдө бул долбоорду сындагандар «Кыргызстан супер президенттик башкаруу түрүнө кайтып, ал түгүл президент хан сыяктуу кеңири бийликке ээ болгон жатат» деген пикирлерин айтууда. 22-ноябрда жарандык активисттер Бишкек шаарында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы нааразылык жүрүшкө чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG