Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

КТРКнын башкы директорлугуна жарыяланган сынак соттун чечими чыкканча токтотулду


Коомдук телерадиоберүү корпорациясына (КТРК) караштуу телеканалдардын микрофондору. Иллюстрациялык сүрөт.
Коомдук телерадиоберүү корпорациясына (КТРК) караштуу телеканалдардын микрофондору. Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директорлугуна жарыяланган сынак мурдагы жетекчинин арызын карап жаткан соттун чечими чыкканча белгисиз мөөнөткө токтотулду. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Кубат Болотканов «Азаттыкка» билдирди:

«КТРКнын мурдагы башкы директору Жайнак Үсөн өзүнүн кызматтан кеткенин жокко чыгарып берүүнү өтүнүп, сотко кайрылыптыр. Ошондон улам бизге соттун чечими чыкканча сынак өткөрбөө тууралуу соттон көрсөтмө келди. Ушундан улам башкы директорлукка жарыяланган сынактын жол-жоболору белгисиз мөөнөткө жылдырылды».

КТРКнын Байкоочу кеңеши мекеменин директорлук кызматына 29-октябрда ачык сынак жарыялаган. Ага 15 адам талапкерлигин көрсөткөн. Сынактын тартибине ылайык, 24-25-ноябрь күндөрү талапкерлер Байкоочу кеңешке барып, өздөрүн, программаларын тааныштырмак. Алардын ар бири үчүн 15-20 мүнөттөн убакыт бөлүнөрү алдын ала айтылып, ар бирине убактысы эскертилген. Бирок айрым талапкерлер Байкоочу кеңештин катчылыгы аз убакыт калганда гана сынак белгисиз мөөнөткө жылдырылганын кабарлаганын айтып, соцтармактарда нааразылыгын билдиришкен.

Өлкөдөгү 5-6-октябрдагы окуялар учурунда КТРКда жетекчилик алмашкан. Ошол учурдагы башкы директор Жайнак Үсөн уулу өз каалоосу менен кызматтан кеткени кабарланып, Байкоочу кеңеш чукул жыйынга чогулуп, убактылуу башкы директорду шайлоо маселесин караган. Жыйында эки топтун кишилери кирип, алардын бири Мирлан Самыйкожону, экинчиси Чынар Капарованы башкы директорлук кызматка сунуш кылган.

Байкоочу кеңеш эки ирет каналдын эмгек жамааты менен жолугуп, алардын ойлорун уккандан кийин төрт кишинин – башкы директордун орун басары Жылдыз Уракунованын, каналдын продюсери Мирлан Самыйкожонун, мурда КТРКда иштеп кеткен, «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарованын жана Байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдыз Бакашованын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Эки жолку добуш берүүдө бир да талапкер жетиштүү добуш ала алган эмес. Капарова абалды чыңалтпаш үчүн өзүн «Ала-Тоо 24» каналына, Самыйкожону «Биринчи коомдук каналга» продюсер кылып коюуну сунуш кылып, ал колдоо тапкан. Самыйкожо менен Капарова өз талапкерлигин чакыртып алган. Кайрадан өткөн добуш берүүдө Жылдыз Бакашова башкы директордун милдетин аткаруучу болуп шайланган.

Байкоочу кеңештин маалыматына караганда, ушул эле күнү саат 19:00 чамасында белгисиз кишилердин тобу КТРКнын башкы кеңсесине бастырып кирип, Мирлан Самыйкожону башкы директор деп жарыялаган жана Байкоочу кеңештин жоюлганын билдирген. Алар КТРКнын «улуттук» деген макамы кайтарылганын айтышкан. Коркутуп-үркүтүүдөн улам Байкоочу кеңештин мүчөлөрү КТРКнын имаратынан чыгып кетүүгө аргасыз болушканы кабарланган.

14-октябрда Жылдыз Бакашова өз арызы менен кызматтан кеткен, башкы директордун милдетин ошондон бери Бактияр Алиев аткарып келатат.

КТРКнын 15 кишиден турган Байкоочу кеңешинин ушу тапта 14 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калгандарын жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан тандалып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG