Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Тоолуу Карабакта азербайжан офицери мерт болуп, орусиялык офицер, жергиликтүү армяндар жаракат алды


Степанакерт. 4-ноябрь, 2020-жыл.
Степанакерт. 4-ноябрь, 2020-жыл.

Азербайжандагы Тоолуу Карабак аймагында мина жарылып, Азербайжан армиясынын бир офицери каза болду, ошондой эле бир орусиялык жоокер жана эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын төрт өкүлү жарадар болду.

23-ноябрда орусиялык тынчтык орнотуу күчтөрү, азербайжан аскерлери, Тоолуу Карабактын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кызыл Чырым эл аралык уюмунун өкүлдөрү кирген биргелешкен топ Тертер районунда каза болгондордун сөөгүн издөө иштерин жүргүзүп жатышкан.

Аскерлер Мадагиз кыштагында жарылган минага туш болушкан. Орусиянын Коргоо министрлиги журналисттерге жаракат алган орус офицеринин саламаттыгына олуттуу коркунуч жок экенин билдиришти.

ТАСС агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлүнө таянып, биргелешкен топ каза болгондордун сөөктөрүн издөө иштерин жүргүзүп жатканына бир жумадан ашканын маалымдады. Ал эми улам табылган сөөктөр жерге бериш үчүн жакындарына жөнөтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG