Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

АКШда бийликти өткөрүп алуу жараяны башталды


Шайланган президент Жо Байден.
Шайланган президент Жо Байден.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын администрациясы дүйшөмбүдө өлкөнүн шайланган президенти Жо Байдендин командасына бийликти өткөрүп алуу жараянын расмий баштоону кубаттады. Трамп мындай чечимге өзү макул болгонун айтты, бирок шайлоодо жеңилгенин дагы эле мойнуна ала элек.

Мунун алдында Жалпы кызматтар башкармалыгынын (GSA) башчысы Эмили Мерфи Жо Байденге кат жазып, бийликти өткөрүп алуу иштерин баштай берсе болорун билдирген.

Дональд Трамп Жо Байдендин администрациясына бийликти өткөрүп алуу жараянын баштоого уруксат бергенин «Твиттердеги» баракчасы аркылуу жарыялады. Ал: «Мен биздин өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн Эмили менен анын командасына бекитилген протоколго ылайык болгон нерселерди жасоону сунуш кылам. Ошондой эле менин командама дагы ушундай кылууну сунуш кылдым», деп жазды. Бирок шайлоонун жыйынтыгы боюнча соттошмокчу болгон ниетинен кайтпай турганын белгилеп, «биз чыныгы күрөштү улантабыз жана жеңерибизге ишенем», деп билдирди.

Жалпы кызматтар башкармалыгынын (GSA) уруксатынан кийин Байдендин командасы эми бардык федералдык агенттиктерге тоскоолдуксуз кирип-чыкканга мүмкүнчүлүк алат. Алар ант берүү аземине чейин бардык агенттиктердеги, министрликтеги жетекчилер менен жолугуп, болочок иштерди талкуулай баштайт. Ошондой эле атайын кызмат жаңы администрацияга алынчу кадрларды текшерет. Андан сырткары Вашингтондогу федералдык имараттардагы кеңселерге жайгаша баштайт, керектүү буюм-тайым, жабдуу менен камсыз болот жана бийликти өткөрүп алуудагы чыгашаларга деген 7,3 миллион доллар каражат алат.

Эмили Мерфинин соңку чечими демократтар менен бир катар республикачылар Трамптын администрациясына кысым-басымды күчөтө баштагандан кийин кабыл алынды. Алар бийликти өткөрүп алуу жараяны кечиге турган болсо өлкөдөгү улуттук коопсуздукка, коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө кесепети тиерин эскертип жатышкан.

Байдендин командасы бийликти өткөрүп алуу жараяны башталганын кубаттады. Шайланган президент тараткан билдирүүдө «Жалпы кызматтар башкармалыгынын администрациясы шайланган президент Жо Байден менен шайланган вице-президент Камала Харристин шайлоодо жеңүүчүлөр экенин аныктады. Жаңы администрацияга бийликти тынч өткөрүп алууга керек болгон ресурсту берди жана колдоду», деп жазылат.

Буга чейин Эмили Мерфи бийликти өткөрүп алуу жараянын кечиктиргени үчүн сынга кабылган. Ал мындай чечиминин саясий өңүтү жок экенин билдирген.

АКШда добуш берүү аяктаган үч аптадан бери Трамп шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн колдон келишинче аракет кылып жатат. Анын юристтери добуш берүү олуттуу мыйзам бузуу менн коштолгонун айтып бир катар штаттарда сотко толгон-токой арыз жазган, бирок дээрлик көбү канааттандырылган эмес.

Мунун алдында Мичиганда шайлоонун жыйынтыгы расмий бекиди. Ага ылайык, Байден Трампка караганда 150 миңден ашык добуш көп алып, утуп чыкты.

XS
SM
MD
LG