Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Депутаттар жөлөк пул берүүдө документтерди санариптештирүүнү талап кылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Балдарга, майып балдарга жөлөк пул алуу үчүн ата-энелер бир нече документ чогултууга мажбур болуп жатканын депутат, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Осмон Турдумамбетов айтып чыкты. Ал эмгек жана өнүктүрүү министринин кызматына талапкер болгон Ализа Солтонбековага суроо берип жатып, жөлөк пул алууда документтерди санариптештерүү маселесин көтөрдү:

«Шаарда байкалбашы мүмкүн, бирок алыскы айылдардан райондун борборуна келиш үчүн 4-5 саат убакыт кетет. Алган жөлөк пул жол киресине жетпей калышы да мүмкүн. Ошондой кыйынчылык менен бир нече документ чогултууга мажбурлап жатасыңар. Сиз мурунтан эле жөлөк пул секторунда иштеп келипсиз, ушул документ чогултууну санариптештирүү неге жолго коюлбай келе жатат?»

Ализа Солтонбекова санариптештирүү багытында иштер жүрүп жатканын, айыл өкмөттөр иштеп жатканын билдирди. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын пенсиясын көбөйтүп, аларга иштеп акча табууга да шарт түзүп берүүнү өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиковго сунуш кылды.

Бүгүнкү күнү жашы жете элек балдардын жөлөк пулу 810 сом, ал эми мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга ай сайын 2000-4000 сом жөлөк пул берилет.

Расмий маалыматтар боюнча 810 сом жөлөк пул алган балдардын саны 210 миңден ашуун. (ZKo)

XS
SM
MD
LG