Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүк курамын кайра кароо маселеси көтөрүлдү


Парламенттеги көпчүлүк коалициянын: КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракцияларынын лидерлери мурдагы президент, экс-спикер жана мурунку өкмөт башчы менен жолугушууда. 2018-жыл. (Архивдик сүрөт).
Парламенттеги көпчүлүк коалициянын: КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракцияларынын лидерлери мурдагы президент, экс-спикер жана мурунку өкмөт башчы менен жолугушууда. 2018-жыл. (Архивдик сүрөт).

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн курамын карап чыгууну сунуш кылды. Бул тууралуу депутат парламенттин 25-ноябрдагы жыйынында айтып, коалициянын буга чейинки ишмердигин сындады:

«Атамбаев кеткенден кийин коалициялык көпчүлүк аны жамандап, кол тийбестигин алып Сооронбай Жээнбековдун сөзүн сүйлөй баштаган. Ошол эле көпчүлүк эми октябрь окуяларынан кийин башкаларды колдоого өттү. Жаңы президент же президенттин милдетин аткаруучу «Сооронбай Жээнбековду жамандагыла» десе коалиция ага да даяр. Мындай жол менен бара берсек коалициялык көпчүлүк шайтанга деле кызмат кылууга даяр экен».

Бекешев коалицияга кирген фракциянын лидерлерине кайрылып, аны жаңылоо боюнча ойлонуп көрүүнү сунуш кылды. Депутаттын сөзүнө караганда, «Республика - Ата Журт» фракциясынын коалицияны жетектөөгө мүмкүнчүлүгү бар.

КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүктү түзөт. Аны КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жетектейт.

Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» фракциялары оппозициялык азчылыкта. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG