Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Ализа Солтонбекованын талапкерлиги каралууда


Ализа Солтонбекова.
Ализа Солтонбекова.

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Ализа Солтонбекованын талапкерлиги боюнча өкмөттүн сунушун карап жатат.

Сунуш кызматтан убактылуу четтеген премьер-министр Садыр Жапаровдон түшкөн. Сунуштама тууралуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков депутаттарга баяндап, Ализа Солтонбекова тууралуу маалымат берди.

Ализа Султанбекова буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеген.

Ушул тапта министрликке талапкер депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров октябрь айында бийлик алмашкандан кийин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен кызматтан бошотулган. Расмий маалыматта ал кызматтан өз арызы менен кеткени кабарланып, экс-министр өзү кызматтан бошотулганынан кабарсыз экенин билдирип чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG