Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Ак үй Байденге чалгын докладдарын алууга уруксат берди


Жо Байден.

АКШнын Ак үйү шайланган президент Жо Байденге өлкө жана дүйнөдөгү коопсуздук маселелери боюнча маалыматтарды камтыган чалгын кызматынын күнүмдүк докладдарын алууга уруксат берди. Бул тууралуу Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү билдиришти.

24-ноябрда Кошмо Штаттардын Жалпы кызматтар башкармалыгы бийликти өткөрүп берүү жараяны башталганын жарыялаган. Мындан сырткары Байден финансылык маселелер боюнча маалымат алууга укук алды.

Жо Байден Делавэр штатындагы Уилмингтон шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып чалгын документтерин алуу сунушталганын, бирок азырынча ала элек экенин билдирди. Кийинчерээк NBS каналындагы маегинде бул маалыматтарды «жакынкы мезгилде, балким эртең» ала баштай турганын айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпео Мамлекеттик департамент Байдендин администрациясына бийликти өткөрүш үчүн «мыйзамда көрсөтүлгөн бардык иштерди жасай турганын» билдирди.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Бир катар америкалык телеканалдардын маалыматы боюнча, Жо Байден 80 миллиондон ашык шайлоочунун добушун алган алгачкы президент болуп калмакчы. Мындай жол менен Байден шайлоодо жеңиш үчүн керек болгон шайлоочулар коллегиясынын 270 добушунун ордуна 306 добуш алышы мүмкүн.

Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 14-декабрдагы шайлоочулар коллегиясынын жыйынында жарыяланат.

Учурдагы президент Дональд Трамп жеңилгенин расмий түрдө тааный элек болсо да Жо Байден өзүнүн администрациясынын курамын аныктай баштады.

XS
SM
MD
LG