Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:53

Кызыл-Кыяда милиция коомдук жайда тамеки тартуу фактысы боюнча 35 протокол түзгөн


Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери Кызыл-Кыя шаарында коомдук жайларда тамеки тарткан жарандарга Тартип бузуу кодексинин 53-беренесинин («Тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын чегүү, коомдук жерлерде жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин бузуу») негизинде 35 протокол, ал эми коомдук жайларда спирттик ичимдиктерин ичкен жарандарга 81-беренесинин («Коомдук жайларда баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү») негизинде 27 протокол түзүлүп, айып пулдар салынган.

Тыюу салынган жайларда тамеки тартуу үчүн Тартип бузуу кодексинин 53-беренесинин негизинде биринчи категориядагы айып пул - бир миң сом чегерилет.

Учурда Баткен облусунда милиция кызматкерлери коомдук жайлардагы тартип бузуунун алдын алыш үчүн жарандар менен иштеп жатканын Баткен облустук ички иштер башкармалыгы «Азаттыкка» 25-ноябрда маалымдады.

Кыргызстанда курагы 18 жаштан жогорку калктын 25% ашыгы тамекиден көз каранды. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, чылым тарткандардын 48,2% эркектер, 2,7% аялдар түзөт.
Бир нече жылдан бери коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынган. (JsA)

XS
SM
MD
LG