Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

33 жаштагы аялдын өлүмү үчүн шектүү катары аны менен чогуу жашаган эркек кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунда бычак жеп ооруканага жетпей каза болгон аялдын өлүмү үчүн шектүү катары чогуу жашаган 41 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, каза болгон аял жана анын өлүмү үчүн шектүү спирт ичимдигин ичип отуруп, чатакташа кетишкен. Эркек аялды бычак менен сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жетпей жолдо үзүлгөн. Бул окуя боюнча кабар милицияга 24-ноябрда саат 16:30 чамаларында түшкөн.

Учурда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки тергөө башталды. (TSh)

XS
SM
MD
LG