Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:54

Кыргыз гимнинин авторлошу көз жумду


Шабданбек Кулуевдин сөөгү 25-ноябрда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев 24-ноябрда 78 жашында дүйнөдөн кайтты.

Ал кыргыз элине акын катары кеңири таанымал. Кыргыз Республикасынын эл мугалими, маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамдарына ээ болгон. Шабданбек Кулуевдин «Куланчы мерген», «Алас-алас», «Кийик-Сай», «Кылымдар жаңырыгы», «Сезим кайрыктары» ыр жыйнактары, «Мидин минткен экен» сатиралык аңгемелер жыйнагы, «Эл-жер баяны», «Өмүр издери» публицистикалык жыйнактары жарык көрүп, өз окурмандарын тапкан.

Маркумдун сөөгү 25-ноябрда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Шабданбек Кулуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты.
Шабданбек Кулуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, жакындары катышты.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев маркум маданиятка, билим берүү тармагына зор эмгек калтырып кеткенин эскерди:

Кайрат Иманалиев.
Кайрат Иманалиев.

«Эл арасынан суурулуп чыккан адам эле. Ал өмүр бою мектепте мугалим, директор болуп иштеди. Чыгармачылык деген кайсы жакка болбосун тартып кетет тура. Өзү математик болгонуна карабастан, окурмандардын купулуна толгон чыгармаларды жаратты. Элдик санжыраларды мыкты билген, эмгекчил адам эле. Анын турпатынан педагог экени даана байкалчу».

Акынды акыркы сапарга узатууга келген эл бир ооздон кыргыз гимни жаңырып турганда Шабданбек Кулуевдин ысымы өчпөй, доордон-доорго жашай турганын айтып жатышты.

Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков Шабданбек Кулуевдин эң чоң ийгилиги катары гимнди жазуу бактысы буюрганын атады:

Нурлан Калыбеков
Нурлан Калыбеков

«1960-жылдары окууну бүтүп студент болгондор, тытынып изденген алгачкы интеллегенциялардан болушту. Алардын кесиби бөлөк. Мисалы, Шабданбек Кулуев математик-механик, Жолон Мамытов ветеринардык дарыгер эле. Булардын улуттук көрөңгөсү бийик, адабият менен искусствону канатындай көрүп, баштаган ар бир ишинин өтөсүнө чыга билишчү. Шабданбек Кулуев жана анын замандаштары эмнеси менен айырмаланат? Буларда эл деген түшүнүк болгон акыркы интеллигенттер деп ойлойм. Азырчы? Азыркы заманда баары эле кыйын, баары эле билимдүү, бул коркунучтуу».

Калыбеков өз сөзүндө акындын жазган чыгармаларынын көпчүлүк бөлүгүн сатиралар түзгөндүгүн кошумчалады.

«Ал чыгармаларында көбүнчө балдарга, адамдарга ыктаган. Мидин тууралуу жазып кеткендери бизге маалым. Эң негизгиси, ар бир чыгармачыл адамда сатира, юмор жашабаса, ал чыгарма окурмандарга жакшы сиңбейт. Мындай акындар аз эле. Райкан Шүкүрбеков, Мидин Алыбаев. Бул кишилердин баары айылда жүрүп эле таланттарын колдоно билишкен. Учурдагы абалыбыз оор, илим-билимдүү, чыгармачыл интеллигенцияны колго албасак, келечегибиз бүдөмүк».

1992-жылы кабыл алынган мамлекеттик гимндин сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазган. Музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановго таандык. Мамлекеттик символикаларды өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия 2012-жыл гимндин экинчи куплетин толугу менен алып салууну чечкен. Ага негизинен ”бейкуттук” деген сөздүн карама-каршы мааниге ээ экендиги себеп болгон. Комиссия мүчөлөрү “кут” деген сөздүн алдына “бей” деген жалгама келгенде “кут” сөзү тескери маанини берип калат деген жыйынтыкка келген.

Андан кийин гимндин бул саптары аткарылбай калган:

“Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине”.

Маркумдун тууганы, коомдук ишмер Турарбек Рыскулов минтип эскерди:

Турарбек Рыскулбеков.
Турарбек Рыскулбеков.

«Шакем акын катары да , адам катары да жөнөкөй, жупуну жан эле. Биз аны менен дайыма сыймыктанчубуз. Бул киши өзү чоң педагог болгон. Ал ардактуу чоң ата, таята, бир туугандарына боорукер жан болду. Кудайга каниет кылабыз, ар бир күн Шакемдин жазган гимни менен башталып, анын гимни менен уйкуга баш коёбуз. Бул биз үчүн чоң дөөлөт. Элибиз ар бир ийгиликке жетишкенде гимн жаңырган сайын Шакемдин элесин көрүп турам».

Шабданбек Кулуев улуттук маданиятты, билим берүү тармагын жана көркөм руханий дөөлөттү өнүктүрүүгө чоң салым кошту. 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген наамы ыйгарылган.

Ал 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1963-жылы Жайыл районундагы Кызыл-Ой, Каракол айылдарынын орто мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1990-жылдары Жумгал районундагы орто мектептерде директордун тарбия иштери боюнча орун басары, директор, 1990-2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенген.

Агартуучулук менен бирге журналисттик кесипте да иштеп келген. «Кыргыз туусу» гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы, 1991-жылдан тартып Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Күжүрмөн эмгеги жана билим берүү тармагына кошкон салымы жогору бааланып, 1987-жылы «Эмгек ардагери» медалы, 1993-жылы «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси, 1994-жылы «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы менен сыйланган. 2011-жылы «Эл мугалими» ардактуу наамы ыйгарылган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG