Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:49

Кулуев: Аткаминерлердин гимнди билбегени уят


Шабданбек Кулуев. 2017-жылы 18-декабрында президенттин аппаратынын башчысы менен жолугушуу учуру.

Ушул тапта интернет айдыңында кабарчылардын суроосуна жооп берип жатып, гимндин текстин билбей калган депутаттардын жоругу катуу талкууга түштү. Көпчүлүк муну мамлекетти сыйлабастык катары баалап, өлкөнүн башкы символдук ырын билбеген эл өкүлдөрүн мандатынан ажыратууну да талап кылышты.

Буга байланыштуу “Азаттык” Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, Кыргыз Эл мугалими, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Шабданбек Кулуевди кепке тартты.

“Азаттык”: Шабданбек мырза, мына жергиликтүү “Апрель” телеканалынын кабарчылары Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарына суроо салганда, эл өкүлдөрүнүн көбү мамлекеттик гимндин текстин билбей турганына күбө болдук. Кээлери таптакыр ойду-келди тексттерди айтып, ырдап жатышты. Сиз гимдин авторлорунун бири катары бийликтин жогорку баскычында иштеген адамдардын мамлекеттин символу болуп саналган ырды билбегенин кандай кабылдайсыз?

Кулуев: Кыргызстанда мамлекеттик символдордун кабыл алынганына чейрек кылымдан ашык убакыт өттү. Башкача айтканда, алар эгемендик менен кошо келди. Мамлекеттик символдор, анын ичинде гимн ар бир кыргыз жараны үчүн ыйык болушу керек.

Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев. Гимнди аткаруу учуру. 24-ноябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев. Гимнди аткаруу учуру. 24-ноябрь, 2017-жыл.

Менин байкашымча, чет мамлекеттерге барганда президенттер баш болуп, өкмөт, делегациянын курамындагы башка коомдук ишмерлер да гимнди аткарып, ырдап жүрүшөт. Мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевдин ырдап жаткандарын сыналгыдан көп көрдүм. Мына азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да барган өлкөлөрүндө расмий салтанаттарда төшүнө колун коюп, ырдап жатканын көрүп калам. Кыргызстандагы жыйындарда деле гимн аткарылып жүрөт. Анан эми депутаттардын мамлекеттик символдорду билбей калышы өкүнөрлүк көрүнүш.

Негизи үч куплетти жаттап алыш оор деле эмес. Азыр гимнди ал тургай бала бакчадагы, мектептеги балдар жатка айтышат. Студенттер татынакай кылып ырдай алышат. Өзүңөр деле күбөсүңөр чет жакка чыкканда биздин спортчулар жеңиштен кийин ыйлап отуруп гимн ырдап жатканын да көрөм. Аларга салыштырганда жогорку эшалондогу аткаминерлердин гимндин сөзүн билбегени уят.

“Азаттык”: Кабарыңыз болсо буга чейин Жалал-Абадда медресенин окуучулары гимн ырдалып жатканда ордунан турбай коюшканы өтө чоң сынга кабылган. Бул жерде мамлекеттик структурада, болгондо да парламентте иштеген аткаминерлер болуп жатпайбы. Мамлекеттик кызматкерлердин гимнди билбей калган учурларга өзүңүз күбө болдуңуз беле? Сиз мындай учурда өзүңүзгө кемсинтүү катары кабыл алып, ыңгайсыз болбойсузбу?

Кулуев: Муну эми мен керт башыма алып, кемсиндим деп ойлобойм. Бул мамлекеттик символ болуп саналгандан кийин гимнди билбей калуу мамлекетти кемсинтүү, элди кемсинтүүгө жатат. Өзүнүн өлкөсүндө жашап жатып, ошол мамлекеттик символдорун кадырлабаса, туура эмес да. Муну алардын ыйманына коюш керек.

Кыргызстандагы иш-чаралардын бири. Гимнди аткаруу учуру.
Кыргызстандагы иш-чаралардын бири. Гимнди аткаруу учуру.

Анан массалык иш-чараларда, мына Көчмөндөр оюндарына окшогон ири салтанаттарда гимнди жапырт эле ырдап жаткандай көрүнөт. Гимн кабыл алынган алгачкы жылдары ырды билбей калгандар болушу мүмкүн эле, бирок мен жеке өзүм азыр андай учурга күбө боло элекмин.

Негизи символдор жөнүндө сөз болгондо, желек менен гербди да эстеп коюш керек. Массалык маалымат каражаттары кээ бир айыл өкмөттөр жыртылып калган тууну илип койгонун, гербди таптакыр башкача тартып илип коюшкандарын кез-кезде бере калып жүрбөйбү. Муну дагы катуу айтыш керек, мамлекеттик символдорду сыйлабоо мамлекеттин өзүн сыйлабагандык.

Ал эми медреселерде тарбиялануучулар гимнге турбай койгонун айтып жатасыз, арийне диний билим берүүчү жайлар жөнүндө сөз көп. Аларда андан башка да балакеттер чыгып жатканын билесиз, аны башка учурда сүйлөшөлү.

“Азаттык”: Жарайт. Буга чейин Тажикстандын бийлиги гимн билбеген имамдарды иштен кетирерин жарыялаган. Андан мурдараак Казакстанда айрым интеллигенция өкүлдөрү гимндин текстин толук билбегендерди чет өлкөгө чыгарбоону сунуштап чыккан. Азыр эми социалдык тармактарда, кыргыз колдонуучулар арасында өлкөнүн башкы ырын билбеген депутаттардын мандатын алуу чакырыгын таштап жаткандар да чыкты. Сиздин оюңузча гимнди билбегендерге ушундай чараларды көрүү зарылчылыгы барбы?

Кулуев: Чара көргөндө эми, бул жөнүндө Конституцияда жана башка мыйзамдарда жазылган эмес. Андай жаза, эреже жок. Аны адам абийири, ыйманы менен эле кабыл алып, аткарып, сүйүп койсо болмок. Мекенчилдик сезим деген нерсе да болушу керек кишиде.

​Казакстан менен Тажикстандагыдай кылып катаал болбосо да, мамлекеттик символдорду тоготпогондорго, бузгандарга же орой мамиле жасагандарга кескин чара көрүүнү мыйзамдарга киргизүүнү туура көрөм. Аны байкап, карап, талдап көргүлө. Бирок кайра эле ошол эрежелерди кабыл ала турган мыйзам гимнди билбеген депутаттардын өзүнүн колунда болуп жатпайбы. Анан алар өздөр ошону колдоп, кабыл алып бере алат дейсиңби?

Канткен күндө да өкмөт, бийлик өкүлдөрү гимнди билбегендерге эскертиш керек, түшүндүрүү иштерин жандантышы керек. Мамлекеттик символ деген бул ошол мамлекеттин, элдин жүзү, мамлекеттүүлүктүн бир белгиси. Аны сыйлабасак анда өзүбүздү сыйлабагандык болуп калат.

Кыргызстандын гимни
Кыргызстандын гимни

Кошумча маалымат: Кыргызстандын гимни Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 18-декабрындагы токтому менен бекитилген. Сөзү: Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуевдики, музыкасы: Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановдуку. Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш менен коштолгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG