Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Кыргыз эстрада ырчылары үй-бүлөлүк зомбулукка каршы онлайн концерт беришти


Аялдар кабылган зомбулукка каршы онлайн концерт.

25-ноябрда Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы өнөктүк башталды. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында, 25-ноябрда кыргыз эстрада ырчыларынын онлайн концерти өттү. Ыр кеченин алып баруучусу Назира Айтбекова бул чыгармачыл чөйрө аркылуу көйгөйдү элге жеткирүү экенин белгилеп, концерт пандемияга байланыштуу онлайн өтүп жатканын билдирди.

«Бул өзгөчө концерт, биз искусство аркылуу коомдогу гендердик зордук-зомбулуктун бир дагы түрүнө жол жок экенин жеткиргибиз келет», - деди алып баруучу Назира Айтбекова.

Концерт Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, «Супер-Инфо» гезити жана SUPER.KG порталы менен бирге уюштурулду. Иш-чараны Швейцариянын өкмөтү колдоого алган.

25-ноябрда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Бишкекте өткөн жыйында акыркы жарым жыл ичинде милицияда 2019 зомбулук катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп.

Быйыл жайында 11 жарандык уюмга COVID-19 пандемиясынын учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарды коргоо жана колдоо үчүн USAID гранттык каражат бөлгөн.

Бул каражаттар жапа чеккендер үчүн баш паанектерди кеңейтүүгө, аларга психологиялык жана укуктук колдоо көрсөтүүгө багытталган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG