Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Суваналиев Башкы прокуратуранын Мадумаров боюнча кайрылуусун туура эмес деп эсептейт


Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев Башкы прокуратуранын саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуусу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылганын туура эмес деп эсептейт. Суваналиев мындай пикирин «Азаттык» менен болгон маегинде билдирди.

«Мадумаров барып ал жактагы биздин жарандар менен жолугуп эле жүргөн. Ал роль ойнобойт. Бизде мамлекеттик кызматкерлер кызмат көрсөтөбүз дейт. Анын кесепетин ойлош керек. Ар бир аткаминер саясатты дагы ойлошу керек. Ушул кагазды жибергенден кийин кандай саясат болот деп ойлошу керек. «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон (парламенттик-ред.) четтетип салганда биз саясатчы катары аны жакшы жакка буруп кеттик. Азыр дагы ошондой болот», - деди Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев алдыдагы президенттик шайлоодо Мадумаровду колдобой турганын, «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесине парламентке барыш үчүн гана кошулганын кошумчалады.

Башкы прокуратура президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштеринин белгилерин кароону БШКга 24-ноябрда сунуштаган.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 25-ноябрда кызматынан убактылуу четтеген өкмөт башчы, президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровго жана БШКга кайрылуу жиберди. Анда ал Башкы прокуратура БШКга жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турат деп эсептеген. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG