Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Адахан Мадумаров Садыр Жапаровго жана БШКга кайрылды


Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери.
Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 25-ноябрда кызматынан убактылуу четтеген өкмөт башчы, президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровго жана Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылуу жиберди. Мадумаров кайрылуусунда БШКга Башкы прокуратура жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турарын билдирген.

«Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөн» деген шылтоо менен мени президенттик жарыштан алып салуу аракетиңизди мен сиздин өзүңүзгө ишенбегениңиз деп түшүндүм. Мындай жол менен сиз мыкты атаандаштарыңыздан арылууга аракет кылып жатасыз», деп жазылган кайрылууда.

Мадумаров Жапаров президенттикке ат салышарын айткан күндөн тартып мамлекеттик бюджеттин эсебинен аймактарды кыдырып, түрдүү маселелерди чечүүгө убада бергенин эскерткен. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери эми БШК Жапаровдун аракетине да баа берүүгө аргасыз болорун айтып, президенттин милдетин аткарып жаткан адам Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча президенттик шайлоого катыша албай турганын белгилеген.

«Сиз журналисттерге маек курганда президенттик шайлоого барарыңызды айтып, аны кийинчерээк Кочкор районунда эл менен жолугушуу учурунда ырастадыңыз. Андан кийин аймактарды кыдырып, Баткенде аймакты өнүктүрүү жана чек ара маселелерин чечүүгө убада бердиңиз», деп белгилеген Мадумаров Жапаровдун башка аймактарда берген убадаларын да кошумчалаган.

Кайрылуунун аягында «мамлекет башына келе турган адамды Башкы прокуратура же БШК эмес, Кыргызстандын эли чечүүгө тийиш» деп жазылган.

Мадумаров ошондой эле БШК мүчөлөрүнө да кайрылып, эгер Башкы прокуратуранын өзүнө карата берген материалын кароого кирише турган болсо, бул кайрылуусун Садыр Жапаровго карата расмий арызы деп таанып, кароосун өтүнгөн.

Мадумаровдун кайрылуусуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы жана Садыр Жапаров комментарий бере элек.

Башкы прокуратура 24-ноябрда президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү жөнүндө материалды караш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөттү.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 7-ноябрда Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушкан. Анын мигранттар менен жолугушуусун Орусиядагы кыргызстандыктар түптөгөн «Мен макул эмесмин», «Укугум бар» кыймылдары уюштурду. Жыйын Москвадагы Транспорт университетинин Маданият үйүндө өткөн.

Шайлоо: Мадумаровдун талабы, Жапаровдун убадасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

Кыргызстанда президенттик чукул шайлоо 10-январга белгиленген. Адахан Мадумаров талапкер болорун 30-октябрда жарыялаган.

16-октябрдан тартып премьер-министр болуп, 17-октябрдан тартып президенттин милдетин аткарып келе жаткан Садыр Жапаров алгач президенттик шайлоого катышпай турганын билдирген. Кийинчерээк ал оюнан кайтып, президенттик шайлоого катышарын маалымдаган. Садыр Жапаров 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга документтерин тапшырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG