Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Ирактагы абактарда 80ден ашуун кыргызстандык бала бар


Сириядагы качкындар башпаанектеген «Ал-Хол» лагери. Бул лагерде Борбор Азиядан барган кыз-келиндер жаш балдары менен жашай тургандыгы айтылып келет.
Сириядагы качкындар башпаанектеген «Ал-Хол» лагери. Бул лагерде Борбор Азиядан барган кыз-келиндер жаш балдары менен жашай тургандыгы айтылып келет.

Ирактагы абактарда 80ден ашуун кыргызстандык бала бар. Мындай маалыматты эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине талапкер Ализа Солтонбекова Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Солтонбекова учурда Ирактагы балдарды алып келүү боюнча иш жүрүп жатканын айтты:

«Ушул тапта Ирактагы абактарда 80ден ашуун кыргызстандык бала кармалып турат. Алты жашка чейинкилер апалары менен чогуу, андан улуулары өзүнчө кармалып турушат. Биз аларды Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча Тышкы иштер министрлиги менен чогуу аракеттенип жатабыз. Министрлик ал балдарды алып келип, реабилитациядан өткөрүп, андан кийин туугандарына берет. Туугандары ал балдарды күтүп жатышат, бизге да «алып келип бергиле» деп көп кайрылышат».

Депутат Өмүрбек Бакиров учурда Сирияда жүргөн кыргызстандыктардын балдарына кандай кам көрүлүп жатканына кызыкты.

2019-жылы кыргыз өкмөтү Сириядагы балдарды алып келүүгө аракет кыла баштаган. Ошол кездеги тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бийлик Сириянын өкмөтү менен кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Ага ылайык өкмөттө Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, Ирактан 70тей кыргызстандык бала алынып келинери маалымдалган. Бирок өкмөттүн планы эмне себептен жүзөгө ашпай калганы белгисиз боюнча калган.

Кыргызстанга коңшулаш Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келишкен.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150ү ошол жакта каза болгон. «Ислам мамлекетине» кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG