Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Улукбек Кочкоров: президенттин эбегейсиз укугу эбегейсиз жоопкерчиликти талап кылат


Улукбек Кочкоров, мурдагы министр.

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров азыркы сунушталып жаткан Баш мыйзамга пикирин билдирип, президенттин эбегейсиз укугунун артында чоң жоопкерчилик бар экенин эскертти. Ал мындай пикирин SUPER TV каналындагы маегинде айтты. Кочкоров элдин үмүтү акталбаса жаңы бийликтин өмүрү кыска болот деп эсептейт.

«Конституция жөнүндө айта турган болсом, эбегейсиз чоң укуктар, эбегейсиз чоң жоопкерчилик. Мындай укукту алгандан кийин элдин мүдөөсү ишке ашпай кала турган болсо, мурдагыдай эле көпкө күтпөйт. Азыркы Конституция өтүп кете турган болсо, эл бир-эки жыл дагы күтпөйт, алты айдан кийин өзгөрүү болбосо кайра төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн», - деди Кочкоров.

Кочкоров учурда эл чечимди эмоция менен кабыл алып жатканын белгилеп, сапаттуу парламентти курап, анан Баш мыйзамды шашпай талкуулап кабыл алууну туура деп эсептейт.

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров октябрь айында бийлик алмашкандан кийин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен кызматтан бошотулган. Расмий маалыматта ал кызматтан өз арызы менен кеткени кабарланып, өзү кызматтан бошотулганынан кабарсыз экенин билдирип чыккан.

Улукбек Кочкоров 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен «Биримдик» партиясын жетектеп барган. Парламенттик шайлоодо массалык добуш сатып алуу болду деп эсептегендердин 5-6-октябрдагы толкундоосу бийлик алмашууга алып келген. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG