Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Иранда өзөктүк программанын жетекчилеринин бири өлтүрүлдү


Физик Мохсен Фахризаде түшкөн унаа.
Физик Мохсен Фахризаде түшкөн унаа.

Ирандын өзөктүк программасынын жетекчилеринин бири, физик Мохсен Фахризаде Тегерандын жака белиндеги шаарчада өлтүрүлдү. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы баштаган маалымат каражаттары жазып чыкты.

Ирандын Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусуна жакын Fars маалымат агенттиги окуянын күбөлөрүнүн сөзүнө таянып, алгач жардыруу болуп, андан соң атылган октун үнү угулганын жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, Фахризаде түшкөн автоунааны белгисиз адамдар аткылашкан.

Анын кесепетинен физик жараат алып, оорукананага жеткирилген. Анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Мохсен Фахризаде буга чейин Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусунда иштеген. Кийин Коргоо министрлигинде жогорку кызматты ээлеп, физика иликтөө борборунда жетекчилик кылган.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф "бул кылмышта Израилдин изи" болушу мүмкүн экенин билдирди.

“Азаттык” радиосунун Иран кызматы акыркы жылдары маалымат каражаттарында Фахризадени Израил өлтүрүшү мүмкүн деген кабарлар көп жазылганына көңүл бурган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху физик Ирандын жашыруун өзөктүк программасын жетектей турганын айткан. Учурда Мохсен Фахризаденин өлүмү боюнча Израилдин бийлиги эч кандай комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG