Билимди сынаган «кара тизме»
Октябрь айында Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын "кара тизмеге" киргизди. Буга Кыргызстандан бүтүп барган пакистандык студенттердин 90% жергиликтүү сынактан өтпөй калганы себеп болгону айтылган. Бул жагдай Кыргызстанда чет өлкөлүк студенттерге медициналык билим берүүнүн сапаты тууралуу маселени күн тартибине чыгарды. "Кара тизме" деген эмне жана анын өлкө үчүн кандай тобокелдиктери бар? “Азаттык плюс” берүүcү бул суроолорго пакистандык студенттерден, окуу жайлардан жана адистерден жооп издеди.
Чыгарылыштар
-
Май 01, 2024
ТикТоксуз бизнес: Кардарларыбыз 85% ТикТоктон келчү
-
Апрель 21, 2024
Бишкекти курчаган табият коркунучта
-
Март 25, 2024
Жаш дарыгер: түйшүк, таарыныч, үмүт
-
Март 07, 2024
"Кениядан келген розалар". Майрамда күчөгөн гүл бизнеси
-
Февраль 22, 2024
Жаштарды тооруган дары баңгилиги