Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Пакистанда жардыруудан 20 адам жарадар болду


Cүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Cүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Пакистандын Равалпинди шаарындагы полициянын кеңсесинин жанындагы жардыруудан кеминде 23 адам жарадар болду. Бул тууралуу өлкөнүн расмий бийлиги кабарлады. Андагы маалыматка караганда, 13-декабрда болгон жардыруудан жаракат алган үч адамдын абалы оор. Калгандарына болсо медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө чыгарылган. Полициянын маалыматы боюнча жардыруучу түзмөк полиция имаратынын жанындагы жол четине орнотулган.

Бул жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок. Пакистандын борбору Исламабаддан 15 чакырым аралыктагы Равалпинди шаарында теракттар утур-утур болуп турат. Быйыл декабрдын башындагы жардыруудан бир адам каза болуп, он чакты киши жараланган.

XS
SM
MD
LG