Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Кабулдагы иш сапарында Пакистандын өкмөт башчысы кан төгүүнү токтотууга чакырды


Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан (солдо) менен Ооганстандын президенти Ашраф Гани. Кабул шаары. 2020-жылдын 19-ноябры.
Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан (солдо) менен Ооганстандын президенти Ашраф Гани. Кабул шаары. 2020-жылдын 19-ноябры.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан 19-ноябрда Ооганстандын борбору Кабул шаарында «тарыхый» деген иш сапарында болду. Мында ал ооган өкмөтү менен талибдердин атышууну токтотуу тууралуу келишимин чыңдоо жана зомбулук аракеттерди токтотуу жаатында колдон келишинче көмөк көрсөтүүгө убада берди.

Имран Хандын бул сапары жаңы кырчылдашуунун толкунуна туш келди. Быйыл сентябрда ооган өкмөтү менен талибдердин өкүлдөрү Катарда тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаганына карабастан, бүткүл өлкө боюнча куралдуу кагылышуулар күчөп кеткен.

Имран Хан ооган президенти Ашраф Гани менен сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин өткөрүлгөн Кабулдагы басма сөз жыйынында: «Бул зомбулук аракеттерин азайтууну, атышууну токтотууну чындап жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүш үчүн Пакистан колдон келген бардык аракеттерди кылат», - деп билдирди.

Кийинки убакта Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы дипломатиялык алака салкындап кеткен. Расмий Кабул өз коңшусун «өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, талибдерге көмөк көрсөтүп, өлкөдөгү башаламандыкты атайылап күчөтүп жатат» деп айыптап келген. Расмий Исламабад бул дооматтарды четке кагып жүрөт.

Президент Ашраф Гани пакистандык өкмөт башчынын Кабулга 19-ноябрда барышын «тарыхый» деп жогору баалады жана «атышууну дароо токтотуу зарыл» деген сөзүн кайталады.

Имран Хандын бул иш сапары АКШнын азыркы бийлиги Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын 2021-жылдын январынын ортосуна карата 4500төн 2500 жоокерге чейин азайта тургандыгы жөнүндө жарыясынан кийинки учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG