Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Ооган эли көксөгөн тынчтык


1-июлдагы Кабулдагы Коргоо министрлигине таандык имараттын жанындагы жардыруудан кийинки көрүнүш.
1-июлдагы Кабулдагы Коргоо министрлигине таандык имараттын жанындагы жардыруудан кийинки көрүнүш.

Катарда ушул жуманын этегинде Ооганстандагы тынчтыкты орнотууга багытталган жолугушуу башталат.

7-8-июлдагы ооган коомунун бир катар өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүп жаткан жолугушууга Ооганстандын өкмөтүнөн расмий адамдар катышпайт.

Оогандардын өз ара саммити деп аталып жаткан жыйын Катарда АКШ менен «Талибандын» өкүлдөрү Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасын өткөргөндөн кийин жана Кабулда алты кишинин өмүрүн алган ири жардыруудан соң өтмөкчү болуп турат.

Германиянын Ооганстан жана Пакистан боюнча чабарманы Маркус Потцелдин кабарлашынча, Дохада өтө турган жолугушууну Германия менен Катар чогуу уюштуруп жатат. Анын айтымында, жыйынга ооган коомундагы аттуу-баштуу бардык адамдар чакырылды, бирок алардын ар бири жеке өз атынан жана тең укукта катышат.

АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад “Твиттер” баракчасында жолугушууну уюштурууга макул болгону үчүн Катар менен Германияга ыраазычылык билдирди.

Ал жума башында Ооганстанда 18 жылга созулган согушту токтотуу максатында Дохада «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүнүн жетинчи айлампасын өткөрдү.

Апрель айында Дохада өкмөт өкүлдөрү да катышат деп кабарланган ушундай эле жолугушуу өтпөй калган. Ага катышуучулардын курамы боюнча карама-каршылыктар себеп болгон.​

Ал арада 1-июлда Ооганстандын борбору - Кабулдагы Коргоо министрлигине таандык имаратты бутага алган жардыруудан алты киши каза таап, 105 киши жаракат алганы маалым болду.

Коопсуздук күчтөрү менен болгон бир канча сааттык атышууда “Талибан” кыймылынын беш согушкери да өлтүрүлгөн. Ооганстандын президентинин басма сөз катчысы Сиддик Сиддики Кабулдагы кол салуу «Талибан» кыймылынын согушкерлери “Ооганстандагы тынчтык менен иши жоктугун көрсөтөт” деп билдирди.

- “Талибан” бүгүнкү жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул алар Ооганстандагы тынчтыкка кайдыгер экенин далилдейт. Бирок ооган эли жана өкмөтү үчүн бейпилдик биринчи орунда турат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 1-июлдагы чабуулду “мыкаачылык” деп атап, талибдерди карапайым адамдарга кол салууларды токтотууга чакырды жана Вашингтон тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жактоочусу экенин билдирди. Бир апта мурда, 25-июнда күтүүсүз Кабулга барган Майк Помпео «1-сентябрга чейин» талибдер менен тынчтык келишимине жетишүүгө үмүт артып турганын билдирген.

- Биз 1-сентябрга чейин тынчтык келишимин түзүүгө жетишебиз. Бул, албетте, биздин миссиябыз. Трамп айткандай, дээрлик жыйырма жылга созулган согуштан кийин Ооганстанга тынчтык керек.

АКШ президенти Дональд Трамп 1-июлда "Fox News" телеканалындагы маегинде Ооганстанды “террористтердин лабораториясы” деп атады. “Мен муну террористтердин Гарварды деп атайм” деди Трамп.

-Биз бекем тынчтык орнойт жана азыркы жаңжал токтойт деп үмүттөнөбүз. Баары согуштан чарчады жана жакшы жашагысы келет. Террористтер мусулмандарды гана өлтүрүп жатат, - деди Ооганстандын Жалил аттуу тургуну.

Кабул шаары.
Кабул шаары.

«Талибан» кыймылы АКШнын чабарманы менен болгон сүйлөшүүлөрдө Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгып кетиши керек деп көшөрүүдө. Ошол эле кезде Вашингтон Ооганстанды согушкер топтор плацдарм катары пайдалануусуна жол берилбешине кепилдик болушу керек деп эсептейт.

Талибдер ооган өкмөтүн «Американын тактекеси» деп теңсинбей, Вашингтондун өкүлү менен гана сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келе жатат.

Алар 18 жылдан бери Ооганстандагы эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө каршы согушуп, күн алыс эле коопсуздук күчтөрүн жана бийлик өкүлдөрүн бутага алган чабуулдарын уюштурууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG