Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:33

Кыргыз-өзбек чек арасындагы инженердик курулуш иштери токтоду


Чек арадагы өзбекстандык кароолдор.

Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен Дерес чек ара тилкесинде 2017-жылы чек араларды тактоонун негизинде Өзбекстандын Чек ара кызматы инженердик курулуш иштерин баштаган.

Бирок кыргыз тараптагы жергиликтүү калктын каршылыгынан улам бул иш убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдыкарим Алымбаев билдирди.

«Биз чек арадагы ар бир кыймылды эки тараптуу жолугушуудан, макулдашуудан кийин гана чечебиз. Талаштуу жерге атайын жер адистерин чакырып, 2017-жылдагы чечимдин негизинде чек арага зым тартуу, тосуу сыяктуу иштерди өзбек тарап баштаган. Кыргызстан тараптагы айылдарда жашаган эл буга нааразы болгон үчүн убактылуу токтото турдук», - деди Алымбаев.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилгени кабарланган. (KJ)

XS
SM
MD
LG