Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Садык Шер-Нияз президенттик жарыштан чыкты (видео)


Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

10-январда өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катталган Садык Шер-Нияз бул жарыштан четтегенин жарыялады.

Саясатчы мындай чечимге президенттик шайлоого бараткан Садыр Жапаровго 30-ноябрда жолугуп сүйлөшкөндөн кийин барганын билдирди. Жолугушуу Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен уюштурулган.

«Жолугушууда мен өз позициямды айттым. Ал киши мени толук колдоого алды. Парламентаризм боюнча сөзүбүздө эки ача маселелер келип чыкты.

Мен мындан ары бир да кызматка иштебейм. Бирок, кээ бир учурда артка чегинүү керек экен. Мени колдогон бардык тарапташтарыма ыраазычылык билдирем. Эгерде демократиялык принциптерге туура келген сунуштар болсо аттап кете албайм. Мен Садыр Жапаровго «биз чыгармачыл кишилер эркинбиз, биздин каршы пикирибизге карабай бизди кабыл алып туруңуз» дедим, ал бул сунушумду кабыл алды», - деди.

Садык Шер-Нияз буга чейин конституциялык реформаларга каршы чыгып, өлкөнү башкаруунун парламенттик формасын жактап келген.

2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Депутаттык мандатын «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ыйгаруу шарты менен быйыл 12-октябрда БШКга тапшырган. (BCh)

XS
SM
MD
LG