Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Ош шаарында 1-класстар мектепте окуй баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы мектептерде 30-ноябрдан тартып 1-класстын окуучулары кадимки режимде окуй баштады. Менчик мектептер менен бала бакчалар да кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады.

Шаардагы санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алып, 1-класстын балдары тазалык нормаларын сактап окуусун мектептен улантышы тууралуу мэрия ноябрдын этегинде чечим чыгарган. Мектептердеги санитардык абалды шаардык эпидемиологиялык кызматтар көзөмөлдөп турмакчы.

Ош шаарында 55 мамлекеттик, 26 жеке менчик мектеп бар. 77 832 мектеп окуучусу катталган, аларга 3 277 мугалим сабак берет.

Бишкек шаарында 1-класстар окууну онлайн тартипте улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык Бишкек жана Ош шаарларында 1-класстын балдары 1-сентябрдан баштап мектепте окутулуп, эпидемиологиялык абалга байланыштуу кайрадан 6-октябрда онлайн окууга өткөн.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 29-ноябрда «Твиттер» баракчасына: «Жогорку окуу жайлары жаңы жылдан кийин ачылат. Бала бакчаларды ачуу маселесин азыр карап жатабыз, сураныч, кичине чыдай туруңуздар. Шаар ооруканалары катуу ооруп калгандардын агымын көтөрө алабы деген суроо ачык бойдон», деп жазды.

Кыргызстанда мектептер, жогорку, орто окуу жайлары менен бала бакчалар 2020-жылдын 20-мартынан тартып аралыктан иштөөгө өткөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG