Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Бишкектеги абанын булганышы кар жаагандан кийин да байкалууда


Ыш каптаган Бишкек.
Ыш каптаган Бишкек.

«Movegreen» экологиялык кыймылынын баш калаадагы абанын сапатын текшерүүгө койгон жабдыктары көрсөткөндөй, абанын булганышы кар жаагандан кийин бир аз басаңдаган. 29-ноябрдагы көрсөткүчкө караганда, шаардын эл жыш жайгашкан аймактарында абанын булганышы чектен ашып түшүп, орто эсеп менен бир куб метрге 62 микрогерцтен айланды.

Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Кийинки убакта борбордун асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте жарыяланган. Активисттер жана жашоочулар абанын булганышынан ар кандай илдеттер көбөйүп кеткенин жазып жатышат.

Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, өкмөт борбордук жылуулук мешинде жана жеке үйлөрдө жагылып жаткан көмүрдүн сапатына көңүл бурууну тапшырган. Бирок абал өзгөрүүсүз калганын белгилеген экологдор буга шаар көчөлөрүндөгү эски машинелер көптүгүн жана сатылып жаткан күйүүчү майдын сапаты начардыгын да себеп кылып келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG