Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Тажикстанда СМС аркылуу талак бергендерди жазага тартуу сунушталды


Телефондо «талак» (ажырашуу) деп арабча жазылган сөз. Иллюстрациялык сүрөт.
Телефондо «талак» (ажырашуу) деп арабча жазылган сөз. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасында СМС билдирүү аркылуу талак бергендерге кылмыш жоопкерчилигин киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору даярдалууда. Долбоордун болжолдуу версиясында бул мыйзамды бузгандарды үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Азырынча долбоор парламенттин кароосуна чыгарыла элек. Тажикстандын мыйзамдары боюнча СМС менен талак берип ажырашуу мыйзамсыз. Өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы жарандарды мындай тажрыйбадан баш тартууга чакырып келет.

Демилгечи депутаттардын айтымында, мыйзам долбоору «жаштарды үй-бүлөсү менен балдарынын алдындагы жоопкерчиликти сезүүгө чакыруу, көпчүлүк учурларда мындай ажырашуулардын курмандыгы болуп калып жаткан аялдардын укуктарын коргоого» багытталган.

Акыркы жылдары телефон аркылуу ажырашуу тажрыйбасын сыртта иштеп жүргөн мигранттар көп колдонуп жатышат.

Расмий маалыматтарга караганда, Тажикстанда өткөн жылы 12,5 миң түгөй ажырашкан. Бул көрсөткүч эки жыл мурда 10 миңди түзгөн.

XS
SM
MD
LG