Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

«Комитет 93» кыймылы 1993-жылдагы Конституцияга кайтууну сунуш кылды


«Комитет 93» кыймылынын жыйыны.
«Комитет 93» кыймылынын жыйыны.

«Комитет 93» кыймылы 30-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан жыйында Кыргызстанда 1993-жылы кабыл алынган биринчи Конституцияны калыбына келтирип, кайра күчүнө киргизүүнү сунуш кылды.

Комитеттин мүчөлөрү өлкө эгемендик алган 30 жылга чукул мезгилде Баш мыйзам тогуз жолу өзгөртүлгөнүн, 1994-жылдан баштап президенттер бийлигин бекемдеш үчүн Конституцияны мыйзамсыз өзгөртүп келгенин айтышты. Мамлекет жетекчилеринин бири да Конституциянын кол тийбестигин сактап калууну каалабаганын, тескерисинче ар бири өз кызыкчылыгына ылайыктап өзгөртүп келишкенин белгилешти.

«Бардык бийлик өзүн мыйзамдан жогору сезди. Биз бул көрүнүшкө бөгөт коюшубуз керек!» деп айтылат кыймылдын мүчөлөрү даярдаган элге кайрылуусунда.

Алар 1993-жылдагы Баш мыйзам кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн топтор тарабынан эмес, эгемен Кыргызстанды, мамлекеттүүлүктү түптөш үчүн иштелип чыккан деп эсептешет. Кыймылдын мүчөлөрү Конституциянын айланасындагы саясий оюндарды токтотуш керек деген сунушун беришти.

Алардын катарында Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Искак Масалиев, Максат Кунакунов бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG