Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Кыргызстандыктар ID картасын көп жоготушат


Жалпы жарандык паспорт.
Жалпы жарандык паспорт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын алгачкы 10 айында кыргызстандыктардын жоголуп кеткен 348 документи табылып, 214ү ээсине кайтарылып берилди.

Бул кызматтын карамагында иштеген «Табылгалар бюросу» («Бюро находок») жоголгон документтерди иреттеп, ээсине кайтаруу менен алектенет. Статистика боюнча жарандар ID картасын, жалпы жарандык паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн көп жоготушат.

Быйыл жыл башынан бери 249 ID карта, 43 жарандык паспорт табылган. 19 адамдын айдоочулук күбөлүгү Мамлекеттик каттоо кызматына кайтарылган. Жоголуп, кайра табылган документтердин арасында туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, аттестат, диплом, эмгек китепчеси, аскер китепчеси бар.

2017-жылдан тарта жоголгон жеке документтерди каттоо санариптешкен. Аталган кызмат жарандарды сак болууга чакырып, документ жоголсо 119 номуруна чалууну сунуш кылат. (BCh)

XS
SM
MD
LG