Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Бишкек-Ош жолундагы автокырсык үч кишинин өмүрүн алды


Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.

Бишкек-Ош жолунда 30-ноябрдын түнү болгон кырсыктан үч киши каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жол кырсыгы саат 23:08де трассанын 498-чакырымында, Ноокен районундагы Кыпчак-Талаа айылында болгон.

«Дэу Нексия» жана «Мерседес-Бенц Спринтер» автоунаалары кагылышып, бир киши ошол жерден кайтыш болгон. 22 жана 26 жаштагы эки жигит ооруканадан каза болгон. Дагы эки киши жабыркап, Кочкор-Ата шаардык бейтапканасына жеткирилген.

Расмий статистика боюнча 2020-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 4184 жол кырсыгы катталган, 6271 адам ар кандай жаракат алган. 496 адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG